Америкада жыныстык катнаштан кийин 29 жаштагы жигиттин бир көзү көрбөй калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазууда.
Маалыматка ылайык, жарандын жыныстык катнаш учурундагы чектен ашкан чыңалуусунан улам көзүнүн кан тамыры жарылып кеткен. Ал "кумарлануу" учурунда өзүнүн демин кысып алган. Күйүгүп калган абалда демин кысып алгандагы абалы көзүнө күч келтирип, кан тамырдын жарылуусуна алып келген.
Андан кийин ал бейтапканага кайрылып болгон ишти дарыгерлерге айтып берген. Дарыгерлер тиешелүү аракеттерди көрүшүп, бер нече убакыттан кийин көзүнүн көрүүсү калыбына келерин билдиришкен.