Бүгүн, 1-июнда Ош шаарында Балдарды коргоонун эл аралык
күнүнө карата А.Навои сейил багы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп,
пайдаланууга берилди. Ага 13 миллион сом каражат кеткен. Мындан сырткары майрамга
карата шаардагы Жаштар комитети тарабынан "Алымбек датка" эс алуу жайында аз камсыз болгон
балдар үчүн концерттик программа, акысыз балмуздактар таратылууда.