Ушул жылдын 10 ай ичинде жашы жете элек өспүрүмдөрдүн никеге туруу фактысы катталган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын инспектору Рашид Карабаев маалымат жыйынында билдирди.
Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 5-октябрында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамды бузуу) боюнча Кыргыз өлкөсүндө 2017-жылдын 10 ай ичинде бир дагы факты катталган эмес.
"Быйылкы жылы жашы жете элек өспүрүмдөрдүн диний жол менен мыйзамды бузуп никесин кыюу тууралуу факты катталган жок. Биз мындай окуялар такыр эле болгон жок дегенден алыспыз, бирок арыз менен укук коргоо органдарына кайрылган же жергиликтүү бийлик, коомдук фонддор тарабынан аныкталган фактылар катталган эмес", - деп билдирди инспектор.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянсак, Кыргыз өлкөсүндө жашаган кыздардын 12 пайызы 18 жашка чыкпай жатып турмушка чыгышат. Айыл жергесинде кыздардын 14 пайызы жашы жетпей турмушка чыкса, шаар жергесинде кыздардын 9 пайызы 18 жашка чейин турмуш жолуна аттанышат. Бул маалыматтын негизинде Кыргыз өлкөсүндө жыл сайын 7 миңге жакын кыз 18 жашка толо элек курагында үй-бүлө курат деп айтууга болот.
"Балдардын укугун коргоо" уюмунун жетекчиси Асель Юсупова билдиргендей, азыркы тапта мамлекеттик органдар жана коомдук уюмдар тарабынан эрте никеге туруунун кесепеттери тууралуу маалыматты мектеп окуучуларына жеткирүү үчүн ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп, китепчелер, маалымат баракчалары басылып чыгууда.
"Эрте никеге туруунун артында көптөгөн маселелер жатат, ошол эле төрөттөн каза болгон ымыркайлардын жана жаш энелердин саны өсүүдө. Жашы жете элек балдардын никеге туруу фактылары көбүнчө айыл жергесинде катталат. Биздин максат - маалыматты жеткирип эрте никеге туруу фактыларын алдын алуу", - деди уюмдун жетекчиси өз сөзүндө.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси: Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу.
Нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен ага карата никеге туруу боюнча диний каада жасаган адамдын ата-энелери (аларды алмаштыруучу адамдар), никеге туруу боюнча диний каада жасаган адам, ошого тете жашы жетпеген менен никеге туруу боюнча диний каада жасаган жашы жеткен адам үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат.