Икрамжан Илмиянов президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койду.

Икрамжан Илмиянов президенттин кеңешчиси кызматына 2017-жылдын 20-апрелинде дайындалган.

Илмиянов 1975-жылы 1-июлда Баткен облусунун Лейлек районунда туулган. Ал 2015-жылдын ноябрынан 2016-жылдын 27-октябрына чейин мамлекет башчынын кеңешчиси кызматын аркалап келген. Ага чейин президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан