Кытай Эл Республикасында Apple компаниясы өзүнүн App Store уюлдук дүкөнүнөн Skype тиркемесин өчүрүүгө мажбур болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, Apple компаниясы бул кадамга кытайлык укук коргоо органдарынын талабынан улам барган.
"Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин өкүлдөрү биз менен байланышка чыгып, алардын көзөмөлдөө органдары App Store уюлдук дүкөндөрүндө Skype тиркемесинин бир канча мыйзам бузууларын аныктаганын билдиришкен. Мындан улам биз тиркемени өчүрүүгө мажбур болдук", - деп билдирген Apple компаниясынын өкүлү.
Скайптан тышкары Кытайлык App Store дүкөндөрүнөн Microsoft Phone жана дагы бир нече тиркемелер өчүрүлгөн.
Кытай Эл Республикасында буга чейин Twitter жана Facebook тиркемелерин колдонууга тыюу салынган.