Ош гуманитардык-педагогикалык институттун мыкты студенттери аныкталды
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 31-май күнү окуу жайдын студенттеринин “Мыктылар кечеси-2013» салтанаты болуп өттү. Анда окуу жайдын 200дөн ашык мыкты окуган студенттери катышышты. Ректор Бекмырза Зулуев эң жакшы деген бааларга татыктуу, коомдук-маданий иш-чараларга активдүү катышкан, чыгармачыл, демилгелүү студенттерге ыразычылык билдирип, мыкты студенттерге 1000 сом, 500 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктарды тапшырды. Сыйлык алган студенттерге «Окуунун мыктысы» деген аталышта төш белгилер да ыйгарылды. Салтанаттын кийинки бөлүгүндө таланттуу студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
Автор: Дастан Үмөтбай уулуФото: Дастан Үмөтбай уулу