Нарын. Нарын шаарындагы 25 эгиз балага белектер берилди

1-июнь Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык кечелер облустун жер-жерлеринде уюштурулуп, кызуу майрамдалды. Бул туүралүү облустагы өкмөттүн өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Нарын шаарында 7 жашка чейинки 25 эгиз балага шаардагы “Алма Бак” сейил  багынан чакан белектер таратылды. Балдар ата-энелери менен сейилдөөгө чыгышып, бекер балмуздактарга ээ болушту. Эгиз балдарга белектерди тартуулоо үчүн облустагы резервдик фонддон 25000 сом бөлүнгөн. Балдарга кең келечек каалап, облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков дубандын башка райондоруна сапар алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан