Эгер сиз заманбап мода индустриясы адамдарды таң калтыра албай калды десеңиз, анда германиялык сүрөтчү жана зергер Надо Баттендорфтун эмгектерине көз салыңыз.
Берлин шаарынын тургуну Баттендорф жасаган кулак түрүндөгү сөйкөлөр жана манжа түрүндөгү шакектер сатыкка чыгып өз кардарларын таап жаткан учуру. Бир караганда адамдын итиркейин келтирген бул буюмдарды Надо силикондон колго жасаган. Сөйкө-шакектер түрдүү түскө боёлуп жасалгандыктан аны кардарлар өзүнүн денесинин түсүнө жараша тандап алса болот.
Надо сөйкөлөрдү буюртманын негизинде гана жасайт жана анын баасы жеткирип берүү акысын кошпогондо 230 еврону түзөт.