“Мен эл мененмин! Мени колдогонуңарга чоң рахмат. Буюрса облустагы көйгөйлөрдү бирге чечебиз. Чоң-чоң маселелерди өкмөткө туура жеткирем. Сиздер үчүн менин эшигим ар дайым ачык”,- деп Ысык-Көл облусуна губернатор болуп жаңы дайындалган Токон Мамытов элди ынтымакка чакырды. Айта кетсек, учурда Жети-Өгүз районунун Саруу айылында өкмөт башчы менен ЖКнын бир катар депутаттары сүйлөшүү иштерин жүргүзүп жатканын кабарчыбыз билдирет.