Бүгүн, 24-ноябрда Зимбабвенин жаңы президентти Эммерсон Мнангагванын президенттик кызматка киришүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Мнангагванын ант берүүсүнө он миңдеген адамдар күбө болушкан, бирок ага өлкөнү 37 жыл башкарган мурдагы президенти Роберт Мугабе катышкан эмес. Мнангагва 1980-жылы ак түстүү азчылыктын башкаруусу аяктагандан берки Зимбабвенин экинчи президенти болду. 75 жаштагы президенттин ант берүү аземи аталган өлкөнүн борбору Хараре шаарындагы улуттук стадиондо өткөн.
Мнангагва буга чейин Зимбабвенин юстиция министри, коргоо министри жана вице-президенти болуп иштеген. Роберт Мугабе президенттик кызматта турганда ондогон жылдар бою анын ишенимдүү адамы болгон.
Өлкөнүн парламенти мурдагы президенти 93 жаштагы Роберт Мугабеге ичпичмент жарыялагандан кийин, 21-ноябрда ал кызматынан кетүү тууралуу арызын жазган.
Ушул жылдын 14-ноябрь күнү Зимбабвенин борбору Харареде аскер кызматкерлери оор техникалар менен бир катар мамлекеттик мекемелерди көзөмөлгө алышкан. Кийинки күнү өлкөнүн президенти 93 жаштагы Роберт Мугабе жана 52 жаштагы аялы Грейс Мугабе кармалып, үй камагына алынган болчу. Зимбабвенин аскер кызматкерлери өлкөдөгү окуяны "аскерий төңкөрүш" деп атоодон баш тартышып, президенттин айланасындагы “кылмышкерлерге” каршы операция деп аташкан.