Майк Тайсон орусиялык рэпер T-killah`ны бетке чапты

Майк Тайсон орусиялык рэпер T-killah`ны бетке чапты. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары кабарлайт.

90-жылдарда жылдызы жанган, дүйнө жүзүнө таанымал мушкер Майк Тайсон азыркы тапта Лос-Анжелестеги үйүндө үй-бүлөсү менен жай турмуш кечирип жаткан убагы. Мушкер жакында Орусияда өтө турчу Sinergy Glogal Forum иш-чарасына келип сөз сүйлөп, андан соң өзүнүн бокс мектебин ачууну көздөп жатканын белгилеген.

Буга байланыштуу иш-чаранын уюштуруучусу Григорий Аветов рэп ырчысы T-killah менен бирге Тайсондон интервью алганы мушкердин үйүнө келишкен. Интервью учурунда рэпер Тайсонго: "Көптөн бери сиздин мени 1 согуп коюшуңузду самагам", - деп билдирген.

Бул сунушту четке какпастан Тайсон рэперди бир чаап "көпчүлүк менден минтип суранганга күчү жетпейт, сен эр жүрөк жигит экенсиң" деп T-killah`ны тамашалаган.

Уюштуруучу Аветовдун айтымында, рэпер мындай сунушту айтканда аларда кандайдыр бир кооптонуу пайда болуп, Майк кандай жооп узатарын күтүшкөн. Бактыга жараша, бул сунушту ал туура кабыл алып, T-killah`ны аста бетке чаап койгон.

Sinergy Glogal Forum - Орусияда өтүүчү эң ири бизнес-форумдардын бири. Анда дүйнө жүзүнө атагы чыккан белгилүү адамдар өзүнүн ийгилик сырлары менен бөлүшүп, ар кандай мастер-класстарды өтүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
islamik
2017-11-25 12:02:55
Катуу чаап нокаут кетирген окшойт депмин
+11
Dembele84
2017-11-25 12:05:01
Тамашалап чапты десе болчудай,бетке чапты десе сразу ача калыпмын не балээ болуп кеттикен деп.
+21
gute
2017-11-25 12:35:50
Жон эле кишини катуу чаап нокаут кетиргидей Тайсон уличный боец эмес.
+5
asan.toluktuk
2017-11-25 12:59:10
Баксер каарыса да бир реперлик алы бар
+10
mir777
2017-11-25 14:52:55
asan.toluktuk,хаха
+1
Aruwka.89
2017-11-25 17:58:11
asan.toluktuk, макал толукталды)))))
+1
Adidas_91
2017-11-25 18:49:08
Макаланы кызыктуурак кылса эл окуйтта. Азаматсыңар Супер.
+2
Nurmat92
2017-11-25 20:41:14
Ойлогом репер кыжырына тийген сөздү сүйлөгөндө Тайсон жаткыза чапты го деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан