Өкмөт башчысы Ж.Сатыбалдиев "1-июнь күнү Саруу айылынын жашоочулары менен жолугушуу учурунда «Кумтөр» компаниясы 1-1,5 айдан кийин Балыкчы-Каракол унаа жолун реконструкциялоону баштайт" деп билдирди. Ошондой эле, эки жыл ичинде «Кумтөр» жергиликтүү калктын товарларын сатып алып турары белгилүү болду. Премьер-министр Саламаттык сактоо министрлигине Жети-Өгүз районунун калкын медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү тапшырды.