"Физрук" сериалы аркылуу таанымал орусиялык актёр Евгений Кулаковдун уулу үчүн соттолуп кетиши мүмкүн экендиги айтылууда

"Физрук" телесериалы аркылуу таанымал орусиялык актёр Евгений Кулаков уулу үчүн соттолуп кетиши мүмкүн. Мындай маалыматты орус басылмалары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, актёрдун 2 уулу бар. Алардын бири төрөлгөндөн тартып аутизм менен жабыркап келет. Анын дарылануусуна өтө көп суммадагы каражат талап кылынгандыктан, актёрдун иштеп тапкан акчасы ага жетчү эмес. Андыктан ал ар кимден карызга акча суроого, ал гана эмес айрым дарыканалардан ири суммадагы дары-дармектерди карызга алууга мажбур болгон. Мындан улам орус маалымат булактары эгер актёр жакынкы күндөрү карыздарын төлөбөсө, соттолуп кетиши мүмкүн экендигин жазып чыгышкан.

Кулаков өзү бул тууралуу эч кандай билдирүү таратпастан, болгону уулунун ден соолугу күн сайын жакшырып бара жатканын айткан.

"Дарыгерлер өз убагында туура диагноз коюп бере албаганы үчүн көп убакытты уттуруп койдук. Азыр деле кеч эмес. 13 жашында өзү кийинип-чечингенди үйрөнүп калды, 20 жашка чыкканга чейин айыгып кетет", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
lady_91
2017-11-27 08:27:34
Соттордо деле журок барго
+3
Nevestkaa
2017-11-27 09:40:26
Бай акчасы ашып ташкан артистер берип турса деле болмок экен байкуш атага.
+2
nargiz-sa
2017-11-27 10:36:33
Мыкты ата экен баласын майыптар уйуно таштап койбостон, карызга батса да баласын карап.
+2
aydinnur
2017-11-27 17:45:50
Бала үчүн эмнени гана кылбайсың...
Бул окуяда мен актёр тараптамын.. соттордун гумандуу, жүрөгү бары туш келсе экен..
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан