Бийлик "кызыл эскертүү" жарыялады. Бул учкундардын жана жанар тоо күлүнүн асманга атылып баштаганын түшүндүрөт. Жергиликтүү бийлик Агунг тоосуна жакын жайгашкан аймактын жашоочуларына күл түтүнүнөн коргоочу бет каптарды тарата баштады. Буга чейин аталган аймактардан 35 миң жашоочу эвакуацияланган. Бали аралына жасалган аба каттамдары убактылуу токтотулду. Азырынча бир гана негизги аба каттам иштөөдө.
Индонезиянын Бали аралы туристтик тармакта таанымал аралдардын катарында. Ал эми сёрфингдин борбору болгон, калкы башка шаарларга салыштырмалуу көбүрөөк Кута жана Семиньяк шаарлары атылып жаткан жанар тоодон 70 чакырым алыстыкта.