ЖЫЛНААМА, 27-НОЯБРЬ: 33 жашында күтүүсүздөн көз жумуп, күйөрмандарын кайгыга салган Брюс Ли мындан 77 жыл мурун төрөлгөн

Чыгыш мушташ өнөрүнүн легендасы, кунг-фу чебери, актёр, кинорежиссёр, продюсер жана сценарист Брюс Ли 1940-жылдын 27-ноябрында АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Франциско шаарында туулган. Кытайда Ли Сяолин, Ли Чжэньфань ысымдары менен да таанымал.

Бала кезинен баштап фильмдерге тартылып, жалпысынан 36 тасмада роль жараткан. Батышка чыгыш мушташ өнөрүн тааныткан. Ал эми анын өзүнүн өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө 30га чукул фильм тартылган. ХХ кылымдын экинчи жарымында Европа өлкөлөрү менен АКШда чыгыш мушташ өнөрүнүн жылдызы катары кеңири таанылган.

БАЛА ЧАГЫ

Кичинекей Брюс ата-энеси менен

Актёрдун атасы Ли Хой Чуэн - кытай операсынын актёру болгондуктан жубайы Грэйс Ли менен Сан-Франциского гастролго барып, ошол жерден Брюс Ли төрөлгөн. Брюс деп аталган шаардагы төрөт үйүндөгү дарыгерлердин бири атаган. Кытай элинин ишенимдери боюнча, ымыркайды түрдүү жамандыктардан сактоо үчүн бир нече ысым ыйгаруу абзел, буга байланыштуу апасы ага Ли Чжэньфань деген ат койгон. Брюс Ли эң алгачкы жолу тасмага 3 айынан баштап тартылган. "Золотой ворот девушки" деп аталган тасмага фильмдин жаратуучулары ымыркайды кичинекей кыздын ролуна тартышкан. Ал эми 6 жашында "Зарождение человечества" тасмасында роль жараткан. Ал кичинекей чагынан эле мушташ өнөрүнө кызыкканы менен, олуттуу түрдө машыккан эмес. Мектепте болсо сабактарга өзгөчө кызыгып окуган эмес.
Гонконгдо чоңойгон Брюс Лини 12 жашында ата-энеси бий ийримине берген. 16 жашында ал ча-ча-ча бийи боюнча Гонконгдо өткөн чемпионатта жеңишти багындырган.
Өспүрүм кезинде Брюс Ли көчөдө балдар менен болгон мушташтарда жеңип алууну кыялданып кунг-фу өнөрүн үйрөнүүнү кыялданып, тилегин ата-энесине билдирген. Алар уулуна макулдук берип, ушу мушташы боюнча мектепке берген. Линин тез аранын ичинде мушташ өнөрүн үйрөнүп кетүүсүнө анын буга чейин бийге барып жүргөндүгүнүн жардамы тийген. Ошентип өспүрүмдүн спорттун бул түрүнө болгон кызыгуусу күчөп, бир да машыгууну калтырбай барууну адат кылган.
Брюс Ли окутуучусу Ип Ман менен
БРЮС ЛИ ЖАНА МУШТАШ ӨНӨРҮ
Кийинчерээк Брюс Ли дзюдо, жиу-житсу жана бокс мушташтарын үйрөнгөн. Мындан тышкары ал кунг-фу мушташынын жаңы стилин ойлоп таап, аны "Жит Кун-до" деп атаган. 1961-жылы ал мушташ өнөрү боюнча мектебин ачып, Жит-Кун-до мушташын жаштарга үйрөтө баштаган. Өзү окутуучу болсо да кунг-фу өнөрүн тереңдеп окууну токтоткон эмес.
Окутуучу Брюс Ли
Мындан тышкары өзүнүн тамактануу жана машыгуу ыкмаларын жарыялап, бул ыкма дүйнөдөгү мушташ өнөрүн сүйгөндөрдү кызыктырган. Анын мектебинде үйрөтүү акысы кымбат болгону менен туруктуу шакирттери көп болгон. Себеби башкаларга караганда ал келген өспүрүмдөрдү кайдан, кайсы өлкөдөн келгендигине карабай, улутуна бөлбөй окуткан.
ТАСМА ТАЛААСЫНДА
3 айлыгынан баштап эле тасмада роль жаратууну баштаган Брюс 15 жашка чыкканга чейин 20га жакын фильмде роль жаратууга үлгүргөн. Бирок бул фильмдер ага айтарлык деле киреше алып келген эмес. Анткени менен өспүрүм кезинде эле жетишерлик тажрыйбага ээ болгон. Ал АКШда жашаган жылдар аралыгында мушташ өнөрүн даңазалаган "Зелёный Шершень" сериалына, 1968-жылы "Марлоу" тасмасына тартылган. Бирок башкы каармандын ролу берилбегендигине ыза болуп, кайрадан Гонконгго кайтып, жаңы ачылган "Golden Harvest" телестудиясынын директорунан менен башкы ролго тартылууну өтүнгөн. Анын макулдугун алган актёр тасмада бардык мушташкан эпизоддорду өзү аткара турган болгон. Ошентип 1971-жылы "Большой босс" аттуу тасма жарык көрүп, кинематография дүйнөсүндөгү мушташ өнөрү жөнүндө калыптанган ойду түп-тамыры менен жок кылып, жаңыча көз карашты пайда кылган.
Брюс Ли Ага удаа эле "Кулак ярости" жана "Возвращение дракона" тасмаларына тартылып, мындан кийин Брюс Ли атагы чыккан актёрго айланган. 1972-жылы Ли "Выход дракона" фильмине тартылып, бирок анын ачылыш аземи актёр каза болгондон 6 күндөн кийин өткөн. Бул анын аягына чейин толук тартылган акыркы тасмасы болгон.
Актёр Миллиондогон көрүүчүлөрдүн кумирине айланган актёр толук тартылууга үлгүрбөй калган "Игра смерти" аттуу фильм 1978-жылы жарыкка чыккан. Бирок тасманын баштапкы 28 мүнөтүндө гана Брюс Ли ойногон.. Тасманын калган бөлүгүн режиссёрлор ага окшош актёрду тартып аягына чыгарган.
БРЮС ЛИ ҮЙ-БҮЛӨДӨ
Брюс болочок жубайы Линда Эмери менен 1964-жылы таанышкан. Анда 17 жаштагы Линда кунг-фу өнөрүн үйрөнүү үчүн актёрдун мектебине келген. Кийин баш кошуп, 2 балалуу болушкан. 1965-жылы Брендон аттуу уулдуу, төрт жылдан кийин Шэннон аттуу кыздуу болушкан. Тилекке каршы, уулунун да өмүрү кыска болуп 28 жашында көз жумган. Анда атасынын өнөрүн улаган уулу Брендон Ли тасмага тартылып жатып каза болгон. Актёрго карата атыла турган тапанчада согуштук ок болгонун байкабаган башка актёр Брендонду атып алган.
БРЮС ЛИНИН ӨЛҮМҮ
Брюс Ли 33 жашында күтүүсүздөн көз жумган. 1973-жылдын 20-июль күнү Гонконгдун жашоочулары жана дегеле анын күйөрмандары таң калычтуу, кайгылуу кабарды угушкан. Айрым маалыматтар боюнча, Брюс Ли баш мээсиндеги шишиктен улам көз жумган. Бирок көпчүлүк анын мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына ишенген эмес. Ал эле эмес өлүмүнүн себебин калпка чыгарып, европалыктар менен америкалыктарды да мушташ өнөрүнө окутушун каалабагандардын жасаган "жоругу" деген кептерди таратышкан. Бирок бул айтылган сөздөр далилденген эмес.
Актёрдун Гонконгдогу эстелиги
27-ноябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан