Кечээ, 26-ноябрь күнү саат 18:40 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 195-чакырымында “Опел Зафира” үлгүсүндөгү жеңил унаа менен КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
“Кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркап, 1 адам каза болгон. ӨКМнын №42-куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери жаракат алган адамдарды унаадан чыгарышып, “Тез жардам” кызматкерлерине өткөрүп беришкен”, - деп айтылат маалыматта.