Баткен. Баткен районунун Ак-Сай айылындагы абал турукташып калды

1-июнь күнү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, Баткен районунун Ак-Сай айылындагы абал тынчып, андагы тосулган жол да ачылды. 31-майда Баткен районун Ак-сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Баткен РИИБинин опер кызматкерлеринин айтымында, Ак-сайда жүргөн Ворух анклавынын Хожиало айылынын 2 тургунун Кыргызстандын чек арачылары кармап, бул иш боюнча акт түзгөндөн кийин аларды коё беришкен. Бирок ал экөө өз айылдарына барып, ошол жерде жүргөн 3 кыргыз жаранын сабап коюшкан. Бул окуядан кийин кыргыздар жолду тосуп алышкан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан