Индияда операция учурунда 35 жаштагы кишинин ашказанынан 7 килограмм темир табылды

Индиянын Санта шаарындагы бейтапканалардын биринен дарыгерлер 35 жаштагы эркек кишиге операция жасашып, анын ашказанынан 7 килограмм темир-тезек табышты. Бул тууралуу кечээ, 26-ноябрда чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Алардын маалыматына таянсак, Максуд Хан аттуу жаран ооруканага ашказаны ооруп жатканын айтып кайрылган.

“Операция учурунда биз бейтаптын ашказанынан темир тыйындарды, мыктарды жана бурамаларды таптык. Мындай укмуштуу окуяга буга чейин күбө болгон эмеспиз”, - деп белгилеген хирургдардын бири Прянк Шарма. Дарыгерлердин айтымында, Максуд Хандын ашказанынан 263 тыйын жана 100гө чукул мык, бурамалар табылган. Ошондой эле ал психикалык жактан жабыркайт. Ал эми Максуддун туугандары билдиргендей, ал кардарларды велосипед менен ташып жан багат жана көпчүлүк учурда кардарлары ага жол акысын тыйын менен төлөшөт. Соңку учурларда Максуд депрессияга кабылып, андан чыгуу үчүн майда-чүйдө темирлерди жей баштаган. Азыркы тапта анын ден соолугу турукташып калган жана дарыгерлерге мындан ары темир-тезекти “тамак-аш” катары колдонбоо тууралуу убада берген соң үйүнө чыгарылган.

Эске салсак, буга чейин да Индиялык хирургдар психикалык жактан жабыркаган бейтаптын ашказанынан 600дөй мык алып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
love_story
2017-11-27 20:16:43
Иий тоа
-1
KDM.Asylbek
2017-11-28 00:25:00
love_story,
Тоа эмес тообо десең
-1
TazaKyrgyz
2017-11-28 01:21:31
KDM.Asylbek,тообо эмес ТОБОО десенер кыргызча
+3
said9595
2017-11-27 20:22:23
Жей берген экен да а
+2
NURTILEK_KG
2017-11-27 20:28:33
ушунча мыктарды кантип жутту десен.
+4
Beks.Kasymov
2017-11-27 21:05:23
еме...максудхан шахруххан болом дегенго (ичи езилип кулгон быйтыкча)
-5
doni-beku
2017-11-27 21:07:05
Ой тообо тообо бул заманда укпаган нерсен калбайт экенда
+4
Elnura08
2017-11-27 21:29:52
Мыктар кызыл онгочуно сайылып калбай,кандай топтолду болду экен ашказанына
+4
Jazdyn_tany
2017-11-27 21:33:10
Ичегилерин тешип кетпейби?
+3
GULZAT.83
2017-11-27 22:04:52
откондо 600дой мык чыкты дегенде ишенбедим эле. тообаа...
+2
Nurmat92
2017-11-27 22:26:34
Молодец гиннес китебине киргизип алар сыйынган уйдан бирди белеке бериш керек. Жинди атаңдын оозун урайын киносун көрүп күлкүм келсе эми кылган кылыгына күлкүм келип атат
-1
barakcha
2017-11-27 23:13:30
Nurmat92,Тооба кыл.
-1
Lekarstvosvoegomuja
2017-11-27 22:37:12
Берген акчаларын чогултуп ашказанына жута берген го
+2
nurik4554
2017-11-28 03:03:13
Биздин депутаттардын ичин оперетсия жасаш керек эле да чооң ичинен не чыгат экен
+2
Sultanim
2017-11-28 04:25:50
nurik4554,май чыгат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан