Кыргыздын жаш спортчулары АКШда өтө турган хоккей боюнча эл аралык мелдешке катышат

Кыргыздын жаш спортчулары АКШнын Чикаго шаарында 1-8-декабрь аралыгында өтө турган хоккей боюнча эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Олимпиадалык резервдин балдар жана өспүрүмдөр адистештирилген мектебинин директору Мейирхан Аманбеков билдирди.

Анын айтымында, аталган мелдешке Кыргыз өлкөсүнүн атынан 15 спортчу катышып, алдынкы орундарды ээлегенге аракет жасашат.

"Мелдеш 2008-жылы төрөлгөн өспүрүмдөр арасында өтөт. Ага АКШ, Орусия, Канада өлкөлөрүнүн курама командалары катышат. Учурда мелдештин форматы жана жалпы катыша турган командалардын тизмеси белгисиз", - дейт Мейирхан Аманбеков.

Кыргыз курама командасы АКШга 30-ноябрда сапар тартышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан