Samsung`дун алдынкы технологиялар институтунун кызматкерлери уюлдук телефондорду кубаттоочу шар түрүндөгү өзгөчө кубаттагыч ойлоп табышты. Бул тууралуу Samsung Electronics`тин изилдөөчү бөлүмү жарыялашкан.
Белгилүү болгондой, аталган кубаттагычтын сыйымдуулугу жөнөкөй кубаттагычтардан 45 пайызга жогору. Ал эми уюлдук телефонду кубаттоо үчүн болгону 12 мүнөт талап кылынат.
Компания аталган иштелмени АКШ жана Түштүк Кореядан патенттеген. Бирок кайсы мезгилден тарта сатыкка чыга турганын маалымдаган эмес.