Кытайдын Борбордук аскер кеңешинин мүчөсү генерал-полковник Чжан Ян өзүн өзү өлтүрдү. Бул тууралуу кытайлык массалык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматтарга ылайык, быйыл август айында аскер башчысы коррупция боюнча айыпталып, ага карата текшерүү башталган. "Тергөөнүн жүрүшүндө анын аталган кеңештин төрагасынын эки орун басарынын коррупциялык схемаларына байланышы бардыгы аныкталган. Орун басарларынын бири өмүр бою эркинен ажыратылса, экинчиси тергөөдө каза тапкан. Чжан Ян ар кайсы мезгилде Кытайдын аскер кеңешинин мүчөсү жана өлкөнүн армиясынын башкы саясий башкармалыгынын колбашчысы болгон. 23-ноябрда ал өз үйүндө өз өмүрүнө кол салган", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2012-жылы Кытайда партиялык жана мамлекеттик аппараттын бардык бөлүктөрүндө жана армияда коррупция менен күрөшүү кампаниясы башталган.