Өлкөнүн түштүгүндө жасалма паспорт даярдап, аны сатууга шектелген эки жаран кармалды

Өлкөнүн түштүгүндө жасалма паспорт даярдап, аны сатууга шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары 1962-жылы туулган К.А. жана 1987-жылы туулган Х.З. аттуу Жалал-Абад облусунун тургундары кармалган. Алардын жанынан жасалма жалпы паспорттор жана башка документтер табылган.

"Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бирок Ош шаардык соту аларды үй камагына чыгарып жиберген. Соттун чечимине карата жогорку инстанцияга даттануу келтирилди. Учурда ушул сыяктуу башка кылмыштардын бетин ачыш үчүн ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Ermekbai
2017-11-28 13:25:20
Соттор арам тамактар
+2
kyrgyz.kg83
2017-11-28 13:36:23
Соторда долядада.камаш керек срочно.канча паспорт сатканын тактап аннулировать етиш керек
+3
gute
2017-11-28 13:48:55
Соттор, менттер менен чоогуу иштешет мындайлар. Жалгыз экоо эч качан жазай алмак эмес. Муну жакшылап чукуса Коп киши кармалат
+2
Begim_4
2017-11-28 13:51:01
Ошол регионду эле атаса болбойбу?
+5
kechirmeni
2017-11-28 14:05:29
Уй камагына чыгарганга да иш козгош керек
+3
Дарыгер
2017-11-28 14:13:01
Кылмышкерлердин кыргыз эместер. Но кыргыздардын паспортун жасашат. Сотторго берген оозун толтуруп. Жасалма паспортторду террористер алат. Анан каерде кылмыш болсо кыргыздардын аты чыгып жүрө берет. Тем более улуту коргозулбойт. Мындай баш аламандыкка чек коюу керек. Кылмышкерлерди катуу жазалаш керек
+3
portugalia
2017-11-28 16:08:38
Кайда барба Мамайдын кору дегендей алдаган эле адамдар.
+1
Bek_abad
2017-11-28 23:43:51
Жердештерим экен) биз жакта бир айыл бар ошол жактан болсо керек буларда. Ал айылдан акча паспорт жасап коп нерселер менен колго тушушкон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан