Жалал-Абад. Митингчилер УКМК башкармалыгынын имаратына чабуул коё башташты
Жалал-Абад шаарындагы аймактык кабарчыбыз Гүлжан Эшбаеванын айтымында, УКМК башкармалыгынын жанында топтолгон митингчилер имаратты көздөй чабуул коё башташты. "Ичине сүйлөшүү үчүн кирип кеткендер чыгышты, жыйынтык чыкпаган сыяктуу, андыктан нааразычылык күчөп жатат. Улам имараттын ичине бастырып кирүүгө аракет болууда, бирок митинг катышуучуларынын айтымында, кечки 20:00гө чейин да убакыт берилет экен",- деди кабарчыбыз. Андан ары митингдин катышуучулары катаал чарага өтүшү ыктымалдыгын билдирет Г.Эшбаева.