Бишкекте айдоочунун атайын машина менен жол эрежесин бузганы боюнча текшерүү жүрөт. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкы башкармалыгынан билдиришти.
Буга чейин Роза Отунбаеванын баласы Атай Садыбакасов Фейсбуктагы баракчасына видео жүктөгөн. Анда атайын машина айдаган айдоочу жол эрежесин бузуп, аны видеого тарткан жаранга колунун ортонку манжасын көрсөтүп кетип калганын көрүүгө болот.
Айрым ММКлар атайын машина УКМКга таандык экенин жазышкан. Бирок УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов ал маалыматты төгүндөп, мекемеге караштуу андай унаа жок экенин айтты.