Американын Чикаго шаарында 64 жаштагы аялдын башы темир тосмого кыпчылып каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазууда.
Маалыматта жазылгандай, Чикагонун Линда Бригман аттуу жашоочусу окуя болгондон бир нече күндөн кийин бейтапканада көз жумган. Аны шаардагы банктардын биринин темир тосмосуна башы кыпчылып, эс-учун жоготкон оор абалда жолдо өтүп бара жаткандар көрүшкөн. Ооруканага жеткирилгенден кийин дарыгерлердин анын өмүрүн сактап калуу үчүн көргөн аракеттери оң жыйынтык берген эмес.
Маркумга медициналык экспертиза жүргүзүлүп, анда Бригман баш мээнин жабыркагандыгынан көз жумганы белгилүү болгон. Анын башы темир тосмого кыпчылып калганда дем алууга ыңгайсыз абалда болгон. Мындан улам ал эсин жоготкон.
Бирок Бригмандын башы эмне себептен тосмого кыпчылып калгандыгы азырынча белгисиз.