АКШнын биринчи айымы Меланья Трамп өзүнүн фантазиясы менен Ак Үйдү Жаңы жыл майрамына карата кооздоду

Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө Жаңы жыл майрамына карата даярдыктар башталууда. Көчөлөргө, имараттарга кооздолгон балатылар, жаркырап күйгөн майда шам-чырактар орнотулууда.

АКШда Жаңы жылга болгон даярдыкты өлкөнүн биринчи айымы Меланья Трамп өз колуна алып, алгач Ак Үйдү кооздоодон баштады. Азыркы тапта Ак Үйдө 53 балаты, 71 арча чамбарлары, 18 миңден ашуун шам-чырак жана 12 миң түрдүү кооздуктар орун алган.

Ак Үйдүн көк залы. Көк түстө жасалгаланган зал көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурат. Бул зал аз сандагы, эл аралык деңгээлдеги конокторду кабыл алганга ылайыкталган. Быйылкы жылы анда орнотулган балатынын бийиктиги 5 метрди түзгөн.

Ак Үйдүн чыгыш тарабында жайгашкан коридор.

Меланья Трамптын Ак Үйдү кооздоо фантазиясы көпчүлүктүн жогорку баасына татып, "Убакыт менен текшерилген салттар" деп аташкан.

Мамлекеттик бюджеттен Ак Үйдү кооздоого канча каражат кеткени азырынча айтыла элек.

Башкы резиденциянын арча чамбарлары менен кооздолгон терезелери.

Ак Үйдү кооздоого 150дөн ашык жумушчу тартылган. Бул бөлмөгө китептерден жасалган балаты орнотулган.

Жаңы жыл майрамын белгилөө Ак Үйдө 27-ноябрдан тартып башталат. Ага чейин кооздолуп жасалгаланган бул жайларга 25 миңдей адамдын келе тургандыгы мерчемделген.

Ак Үйдүн кооздугун көрүүгө келгендер үчүн даярдалган таттуу момпосуйлар.

Чыгыш залы - Ак Үйдө орун алган эң чоң зал. Бул жакта ар кандай кечелер, концерттер өтөт.

Чай ичүүгө арналган жашыл бөлмө.

Кооздолгон тепкичтер.

Ак Үйдүн кооздолгон кире бериши.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
dosym
2017-11-29 12:26:54
Жакшы аял экен
+3
keba300989
2017-11-29 13:07:00
dosym, Ушунун ордунда биздин президенттин аялы болгондо эмне дейт элең.
0
aliya-leyla
2017-11-29 19:21:56
keba300989,сындап, жамандап жатып калмакпыз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан