Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жөө жүргүнчүнү сүзүп ал каза болгон соң качып кетүүгө шектелип, Ош облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-ноябрдан 28-ноябрга караган түнү Сузак районунун аймагындагы Бишкек-Ош унаа жолунун 582-чакырымында жергиликтүү тургун 39 жаштагы Рустам Мамытовду белгисиз айдоочу унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада Руслан Мамытов окуя болгон жерден алган жаракатынан улам каза болгон.
Кийин милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-аракеттердин натыйжасында 29-ноябрда аталган жол кырсыгына себепкер деп шектелип, Ж.У.К. аттуу Ош облусунун тургуну кармалган.
Ошондой эле басма сөз кызматынан шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Hyundai Starex үлгүсүндөгү унаасы далил буюм катары алынганын билдиришти.