Белгилүү француз сүрөтчүсү Клод Моненин жеке буюмдары атайын уюштурулган аукциондо 11 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, Christie's аукцион үйү жалпы 54 буюмду сатыкка койгон. Аукцион Кытайдын Гонконг шаарында өткөн. Эң көп суммадагы акчага сатылган буюмдар болуп көз айнек жана сүрөтчү тарабынан 1884-жылы тартылган картина болгон.
Көз айнекти эксперттер 1500 долларга баалашканына карабастан баасы өсүп отуруп 51 миң долларга сатылган. Ал эми деңиз жана андагы аска түшүрүлгөн картина 4 миллион долларга бааланып, өз ээсин тапкан.
Буга чейин сүрөтчүнүн "Чөптүн чөмөлөсү" аттуу чыгармасы 81 миллион долларга сатылган. Ал Моненин эң кымбат баага сатылган эмгеги болуп калган.
Оскар Клод Моне белгилүү француз сүрөтчүсү. Ал импрессионизм багытын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналат.