Дүйнөлүк кышкы Олимпиада оюндары-2018дин уюштуруучулары келген коноктордун куш тумоосун жуктуруп албоолорун алдын алууда. Мындай маалыматты USA Today маалымат каражаты жазды. Белгилүү болгондой, кышкы Олимпиада оюндары 2018-жылы Түштүк Кореяда өтөт.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Олимпиада оюндары өткөрүлө турган аймактарга жакын жайгашкан фермалардын кызматкерлерине жалпы 6000ге жакын өрдөк-казды өлтүрүүгө буйрук берди. Мындай кадамга барууга жакын арада эле Чонбук калктуу аймагындагы өрдөк фермасында чыккан куш тумоосу себеп болгон.
Кышкы Олимпиада-2018 оюндарынын уюштуруучулары фермерлердин фермаларын кыдырып чыгышып, мынча канаттууну жок кылгандыгы үчүн аларга 120 миллион вонго чейин (болжол менен 110 миң доллар) сунушташкан.
Курч, жугуштуу оору - куш тумоосун негизинен канаттуулар алып жүрөт. Ошол эле учурда ал адамга да жугат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 2013-жылга карата берген маалыматы боюнча аталган ооруну жугузуп алган адамдардан 630у катталган. Жугузуп алгандардын арасынан 375 адам өлгөн.