Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьерликке талапкерлигин коюуга макулдук бергенин айтты

Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынан депутат Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьер-министр кызматына талапкерлигин коюуга макулдук бергенин SUPER.KG порталына билдирди.

"Мага мындай сунуш түшкөн. Мен макулдугумду бергем. Конституцияга өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин бул маселе каралат", - деди Шадиев.

Айта кетсек, 2016-жылдын 11-декабрында өзгөртүлгөн Конституциянын бир топ беренелери быйыл 1-декабрдан тарта күчүнө кирет. Алардын бирине ылайык, премьер-министрликке же биринчи вице-премьер-министрлигине парламент депутаттарынан бирөө барса, ал өкмөт мүчөсү болуп иштөө менен катар мандатын да сактап калат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан