Ош шаардык сотунун мурдагы сотуна кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура тарабынан Ош шаардык сотунун мурдагы сотуна жана башка кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2006-жылдын 20-январында Жапалак айыл өкмөтүнүн токтому менен Ак-Буура суусунун жээгинде жайгашкан 0,16 гектар жер 10 жылга жергиликтүү тургундардын бирине убактылуу пайдаланууга берилген. Бирок ал адам жер тилкесине ээ эместигине карабастан Ош шаардык сотуна аталган жерди жеке менчикке өткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Анын арызын 2013-жылдын 26-сентябрында шаардык соттун судьясы Ж.Т. карап канааттандырып берген. Мунун негизинде сууну коргоо аймагына тийиштүү жер тилкеси жеке менчикке өткөрүлүп кеткен.

Бирок кийин 2017-жылы 23-мартта Ош шаарынын прокуратурасынын арызы менен облустук сот аталган чечимди карап жокко чыгарган.

Учурда аталган ишти караган Ош шаардык сотунун мурдагы соту Ж.Т.га жана ал ишке тиешеси бар адамдарга карата 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 328-берене (атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу) жана 166-берене (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kechirmeni
2017-11-29 12:38:19
Эн туура кылат, жазасын тартсын эми
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан