Кыргыз шахматчысы Ислам Байсынов Азия чемпиондугун утуп алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясынын калысы Даниял Абдивалиев билдирди.
Анын айтымында, мелдеш Таиланддын Чиангмай шаарында өтүп, ага 30 өлкөнүн спортчулары катышкан.
"Шахмат боюнча Азия чемпиондугу бүгүн жыйынтыкталып, ага 30 өлкөдөн 95 спортчу катышты. Ислам Байсынов 9 турдун жыйынтыгында 6 атаандашын жеңди. Ал Монголия, Япония, БАЭ жана Таиланд өлкөлөрүнүн спортчуларын жеңип 7 упайга ээ болду. Байсынов турнирдик жадыбалда 7 упай менен 2-орунду ээлеген. Бирок 2000 упайга чейинки рейтингдеги шахматчылар арасында 1-орунду ээлеп, Азия чемпиону аталды", - дейт Абдивалиев.