Интернеттеги Инстаграм социалдык тармагында жакынкы арада көптөн күткөн функция пайда болот. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.
Маалыматта жазылгандай, ал көпчүлүк күтүп келген сүрөттөрдү бөлүшүү (репост) функциясы. Азыркы убакта бул функция даяр болуп, текшерүүдөн өтүп жаткан убагы. Эгерде азыркы убакта бул социалдык тармактын колдонуучулары башка колдонуучунун сүрөтү жана видеосу менен бөлүшүү үчүн атайын тиркемени колдонуп жаткан болсо, жакынкы арада функция ишке кирип атайын тиркемеге болгон муктаждык жоюлат.
Жакты жана комментарий баскычтарынын жанында бөлүшүү баскычы пайда болот. Бир колдонуучу башка бир колдонуучунун жүктөгөн маалыматы менен бөлүшкөндө маалыматтын ээсине болгон шилтеме башка социалдык тармактардай эле сакталып калат.