Медиа-порталдын “Элдик видео” бөлүмүнө “Француз экстремалдары 4 миң метр бийиктиктен секиришти” деген видео жүктөлдү.
Видео интернет айдыңында тарап, социалдык тармактардын колдонуучулары арасында талкууларды жараткан. Бул видеодо француз экстремалдары Фред Фюген жана Винс Реффет атайын вингсьют аталган жаргак кийим менен бийиктиги 4 миң метр болгон Юнгфрау чокусунан секиришип, учуп бара жаткан жеңил кыймылдаткычтуу учактын ичине мейкин абада учуп киришкен.
Экстремалдардын айтымында, алар бул секирикти жасоо үчүн Испанияда 100дөн ашуун жолу секирип даярданышкан. Интернет колдонуучулардын билдирүүсүнө караганда буга окшогон трюк 1995-жылы жарык көргөн "Алтын көз" тасмасында бар. Анда башкы каарман Жеймс Бонд жүрүп бара жаткан учакка мотоцикл менен кирип барат.
Видеону көрүү үчүн бул жакты басыңыз.