Түндүк Кореяда ракеталык сыноо ийгиликтүү өткөн соң, АКШнын президенти Пхеньянга карата кошумча санкциялар киргизиле турганын айтты

Түндүк Корея ракеталык сыноолорду өткөргөндөн кийин АКШ президенти Дональд Трамп ага жооп кылып, Пхеньянга карата кошумча санкциялар киргизиле турганын айтты. Трамп Кытай Эл Республикасынын лидери Си Цзинпин менен сүйлөшүүлөр болгонун, абал жөнгө салынарын Твиттердеги баракчасына жазган.

Ак Үйдүн маалыматы боюнча Трамп Кытай лидери менен болгон телефондук сүйлөшүүсүндө АКШ өнөктөштөрүн коргой турганын айткан. Ошондой эле ал Кытай лидери Түндүк Кореянын чагымчыл аракеттерин токтотуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланышы керек деп белгилеген.

Түндүк Кореяда "Хвасон 15" ракетасы ийгиликтүү сыноодон өткөнүн 29-ноябрда жергиликтүү мамлекеттик телеканал маалымдаган. 53 мүнөттө миң чакырым аралыкка учкан ракета Япониянын деңизине түшкөнү расмий маалыматтарда берилген. Пхеньян ракета АКШга чейин жетет деп мүнөздөп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gute
2017-12-01 11:12:08
Ким Чен Ын молодец эркек экенсин.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан