Кыргыз-Тажик чек арасынан башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган Тажикстандын жараны кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, Тажикстандын 1958-жылы туулган М.С. аттуу жараны эки өлкөнүн чек арасындагы "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрүү жайынан 29-ноябрда кармалып, документтери текшерүүгө алынган. Текшерүү учурунда анын чек арачыларга көрсөткөн паспорту башка адамга таандык болуп чыгып, өзүнүн өлкө ичинде колдонгон паспорту кийимдеринин арасынан табылган.
Кармалган адам сурак учурунда буга чейин Орусиядан депортацияланганын, кайра Орусияга Кыргыз мамлекети аркылуу баруу үчүн башка адамдын паспортун колдонууну көздөгөнүн айткан. Ал адам УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.