WhatsApp тиркемесинде эми узун аудио билдирүүлөрдү жиберүү ыңгайлуу. Бул тууралуу маалымат Apple App Store тиркемелер дүкөнүндө мессенжердин расмий баракчасында жазылган.
"Узун аудио билдирүү жибергиңиз келеби? Аудио жаздыруу үчүн атайын баскычты басып коюңуз, аны мурункудай билдирүүнү жаздырып бүткүчө кечке басып туруунун кажети жок", - деп жазылган баракчада.
Аудио билдирүү жазылып бүткөн соң жиберүү баскычын басып коюу керек. Эгерде сиз билдирүүнү жөнөткүңүз келбей калса анда артка кайтаруу баскычын бассаңыз ал аудио өчүп калат. Белгилей кетсек, аталган функция Android операциялык системдүү аппарат колдонуучулары үчүн жеткиликтүү эмес.