Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны болот. Анда депутаттар Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы жана Жалал-Абад облусундагы кырдаалды карашат. Кезексиз жыйынды чакыруу жөнүндө тескемеге төрага Асылбек Жээнбеков 1-июнда кол койгон. Жыйын саат 14:00дө башталат.