Исаевдин сотунда күбө: "Канат Исаев Токмокто мэр болуп турганда соода борборун куруу чечимин мэр эмес, шаардык кеңеш чыгарган"

Бүгүн, 30-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иштеринин бири боюнча сот уланууда. Бүгүнкү күнгө чакырылган күбөлөр Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри болуп турганда борбордук базардын жанындагы 37 сотых жерге соода түйүнүнүн курулушуна уруксат берилиши боюнча көрсөтмө беришүүдө.

Күбөлөрдүн бири ошол учурда Токмок шаардык кеңешинин депутаты болуп турган Алым Усубалиев соода борбору курулуп турган жер тилкеси жеке менчикке сатылбагандыгын, соода борбору курулуп бүтсө шаардын бюджетине көп пайда алып келмектигин айтты.

"Мен бул соода борборунун курулушу тууралуу ошол учурдагы абалды жакшы билем. Ал убакта шаардын бюджети акчага өтө муктаж болуп турган. Шаардагы жолдордун абалы начар, электр зымдары тартылыш керек эле, бюджетте ага акча жок болчу. Негизинен көп маселе бар болчу анын баарын чечүү шаардык бюджетке келип такалчу. Аталган маселелерди чечүүнү биз шаар бийлигинен дайыма талап кылып келгенбиз. Имарат курулуп жаткан жер сатылган эмес, ал имаратты жеке ишкерлерге берип ал объект шаар бюджетине акча түшүрүп туруусу керек болчу. Мен аталган объектти куруу эң эле туура иштерден болчу деп ойлойм.

Жер тилкеси сатылган эмес, ал тууралуу мен ошол кездеги шаардык кеңештин депутаты катары маалыматым бар”, - деди күбө.

Андан сырткары ал мэр аткаруучу кызматкер экенин айтып, аталган имаратка байланыштуу кандайдыр бир маселелерди Канат Исаев өзү чече албай тургандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Исаев 2009-жылы Токмок шаарынын мэри болуп турганда 8 гектар жер тилкеси жатаканасы менен бирге 3 миллион 200 миң сомго сатылганы соттук териштирүүдө айтылган. Бирок мамлекет тарабынан түзүлгөн эксперттик топ 2016-жылы экспертиза жүргүзүп, мүлктүн баасын 17 миллион сомдон ашык акчага баалаганы маалым.

Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган.

Учурда Канат Исаев УКМКнын тергөө абагында камакта. Бирок жогорудагы кылмыш ишинин негизинде эмес. Тактап айтканда, президенттик шайлоонун алдында Башкы прокуратура Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган. Мындан соң, Биринчи Май райондук соту 25-ноябрда ишти кайра карап, анын тергөө абагындагы мөөнөтүн 2018-жылдын 30-январына чейин узартуу чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан