Депутат Исаевдин иши каралып жаткан соттук отурумда жактоочулар менен прокурорлордун кайым айтышуусу орун алды

Бүгүн, 30-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө прокурорлор менен жактоочулардын ортосунда кайым айтышуу орун алды. Ага күбөлөрдүн бири Алым Усубалиевди прокурордун кысымга алуусу себеп болду.

Күбө Токмоктогу борбордук базардын жанына соода борборунун курулуусу туура кадам болгонун, ал кайсы жагынан алганда да ал долбоордун пайдасы көп болмок экенин айтты.

Мамлекеттик айыптоочу андан эксперттер анын пикирине карама-каршы пикирди айтышканын туура долбоор экенин кайдан билерин сурады. Күбө ага мындай иштерге аралашып жүргөнүн, аталгандай долбоорлорду жакшы билерин айтты. Прокурор аны аталган тармакта экспертсизби, аны далилдеген лицензияңыз барбы деп сурады. Ушул учурда ортого жактоочулар аралашып анын шаардык кеңеште депутат болгонун эске салып ортодо кайым айтышуу орун алды.

Жактоочуларга нааразы болгон прокурор соттон алардын аралашпоосун өтүнүп күбөнү ким чакырып келгенин сураганда ал өзү өз унаасы менен келгенин билдирди. Прокурор аны сот отурум кайсы жакта, качан өтөрү тууралуу кайдан билгенин такып сурап киргенде сот прокурорду жана күбөнүн көрсөтмө берүүсүн токтотту. Ага нааразы болгон прокурор жактоочулар күбөнү алдын ала даярдап алып келишкен деп нааразычылык билдирди.

Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган.

Учурда Канат Исаев УКМКнын тергөө абагында камакта. Бирок жогорудагы кылмыш ишинин негизинде эмес, тактап айтканда, президенттик шайлоонун алдында Башкы прокуратура Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган. Мындан соң, Биринчи Май райондук соту 25-ноябрда ишти кайра карап, анын тергөө абагындагы мөөнөтүн 2018-жылдын 30-январына чейин узартуу чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан