Канат Исаевдин иши каралып жаткан отурумда Токмоктогу базардын жанына курулуп баштаган соода борборду курган компаниянын жетекчиси суралды

Бүгүн, 30-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө айыпталуучулардын бири Токмоктогу борбордук базардын жанына соода борборунун курулушун баштаган компаниянын жетекчиси Каныбек Аблабеков көрсөтмө берүүдө.

“Мен жетекчи болуп турганда компанияга ээлик кылган адамдар бардык каражаттарды таап беришчү. Курулуш боюнча бардык чечимди мен кабыл алып бүткүл иштерди мен жүргүзчүмүн. 2009-жылы шаардык кеңешке биздин долбоорду тааныштырып макеттерин көрсөттүм. Алар уруксат бергенден кийин мен толук курулуш боюнча керектүү кагаздарды чогултуп бүткөнчө кыш келип калды. Курулушту 2010-жылы февраль айында баштап 7-апрелдеги революциядан кийин курулуш токтотулуп, прокуратура тарабынан текшерүүлөр башталды. Ал учурда курулуштун эки кабатынын каркасы тургузулуп калган болчу”, - деди Каныбек Аблабеков.

Айыпталуучулардын бири суралып жатканда түшкү тыныгуу убактысы болуп калгандыгына байланыштуу сот отурумду эртең, 1-декабрда улантуу чечимин чыгарды.

Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган.

Учурда Канат Исаев УКМКнын тергөө абагында камакта. Бирок жогорудагы кылмыш ишинин негизинде эмес. Тактап айтканда, президенттик шайлоонун алдында Башкы прокуратура Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган. Мындан соң, Биринчи Май райондук соту 25-ноябрда ишти кайра карап, анын тергөө абагындагы мөөнөтүн 2018-жылдын 30-январына чейин узартуу чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан