Ошто ичине чөп жыйылган бүтө элек турак үй күйүп кетти

Кара-Суу районундагы Мады айылында бүтө элек турак үйдүн чатыры күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматкерлерине 30-ноябрда саат 10:30 чамасында түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүү үчүн 1 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Натыйжада 3 бөлмөлүү бүтө элек турак үйдүн чатыры жана бөлмөлөрдүн ичинде жыйылган 150 даана пресстелген чөп күйүп кеткен.

Ошондой эле басма сөз кызматынан адамдар жабыр тартпагандыгын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
almanbetperm
2017-11-30 23:18:47
Бир бечааранын уйу койду да,былтыр фундамент куйдургам,быйыл тургуздум,кийинки жылы бутурсом кирсем деп талаалап иштеп журсо керек.жаман болуптур
0
butun.kg
2017-12-01 01:02:18
Чобу 1 сом зыяны мин сом тообо кылайлы. Тилсиз жоо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан