Бишкек-Ош жолунун 243-чакырымында Хонда Степвагон үлгүсүндөгү автоунаа жолдон тайгаланып Чычкан суусуна түшүп кеткен. Бул кырсык тууралуу бүгүн, 30-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык 29-ноябрь күнү саат 23:48 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 243-чакырымында болгон. Анда Хонда Степвагон үлгүсүндөгү автоунаа жолдон тайгаланып Чычкан суусуна түшүп кеткен.
Ал жерге куткаруучулар барышкан. Бактыга жараша, унаанын айдоочусу жана жүргүнчүлөр эч кандай жаракат алышкан эмес.