Социалдык тармактан чогулткан ар бир "лайк" үчүн күйөөсүнөн токмок жеген аял оор абалда ооруканага түштү (фото, нерви жукаларга сунушталбайт)

Уругвайда күйөөсү аялын социалдык тармактан коюлган ар бир "лайк" үчүн ур-токмокко алган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.

Маалыматка ылайык, 32 жаштагы Педро Хериберто Галаано аялы 21 жаштагы Адольфина Камелли Ортигозаны Фейсбук социалдык тармагына жарыяланган билдирүүлөрүнө басылган ар бир "лайк" үчүн ур-токмокко алган. Катуу ур-токмокко алынган Адольфинаны оор абалда полиция кызматкерлери табышкан.

Бул тууралуу маалыматты полиция кызматкерлерине Адольфинанын кайнатасы кабарлаган. Педро өзүнүн аялынын эркиндигин чектеп үйдө кармап, сабап жана зордуктаган. Жабырлануучунун жактоочусунун билдирүүсү боюнча Педро аялын "Сен Фейсбукта сага "лайк" баскан ар бир эркек менен менин көзүмө чөп салгансың" деп күнөөлөгөн.

Адольфинанын сынган мурдун жана жарылган эриндерин калыбына келтирүү үчүн операция жасалган. Ал эми күйөөсү камака алынып ага кылмыш иши козголгон. Жергиликтүү мыйзамдардын негизинде Педро аялын сабап, зордуктап, эркиндигин чектеп жана өлтүрүүгө аракет кылгандыгы үчүн 30 жылга эркинен ажыратылып чоң суммадагы айып төлөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
Medinaa
2017-11-30 19:20:52
Кудай сакта!
+3
bekub1473kg
2017-11-30 19:21:02
Аялы жаланач журсо кызганбайт лайк учун кызганга акысы жок мен бул эркекти алсыз деп эсептейм
+17
lawyer
2017-11-30 19:28:18
Туура кылыптыр. Молодец!
+6
anelya_kaparova
2017-11-30 19:33:04
Бул жакта отургандарга таң калып бүтпөдүм....Эркек аялын таанылгыс кылып сабаса, азамат дешет. Канчалаган адамды өлтүргөн Бакиев кайра келсе экен дешет... Тообо кылдым. кыргыздар маңкурт эле болуп баратасыңар!
-15
Sambet08
2017-11-30 20:18:19
anelya_kaparova, А сен эмне кыргыз эмессинби
-2
Ask.kyrgyz
2017-11-30 20:53:03
anelya_kaparova,
Бакиев аттырганын буйрук бергенин оз козун менен коруп кулагын менен уктунбу?
+11
Junpaipak
2017-11-30 19:35:55
Молодец четкий болуптур
+2
Pandora
2017-11-30 20:28:52
Junpaipak,Жунпайпак ))))) ушубой элесинби?
+13
mira28
2017-12-01 02:55:19
Pandora,от души ха ха .Бороду эздин. Б
+2
Junpaipak
2017-12-01 07:59:04
Pandora,ха ха,ушуп атамда
0
aziiiz
2017-11-30 19:51:43
Аялга кол которгон эркек эркек эмес.Бир мучосу эле башкача катын.Эркек бир соз менен ордуна коюп коюш керек ар кандай кырдаалды.Ал эркексорой мезгилден артта калган манкурт окшойт,азыр соц тармакты керек десе 5 жашар балада билет.Супсулуу айалынын кебетесин бузган эркек эмес.
+8
gute
2017-11-30 19:59:13
Кийин менин аялымда ушинтсе. АЛ дагы дал ушундай болот ))
-5
aerforce
2017-11-30 20:17:08
мэ сагааа бесплатный ботекс кылып койуптурго кызгангандында чеги болот
+3
dobrajelatel
2017-11-30 20:48:32
Айбан тушунгу жок киши экен.
+4
Pandora
2017-11-30 20:48:56
Эркектер!!! Аялынардан бир нерсе талап кылаардан мурун озунор ошону аткаргыла ана талап кылгыла!!! Аялынардын силерге кулуп карашын кааласанар силер да кулуп карагыла о.э. интернетке кирбегиле анан аялынарга тыю салгыла.Озунор кирип алып лыкшындап ар ким менен суйлошосунор же аялынарга конул бурбайсынар.
Аялынарды уруп же конулун оорутуп жатканынарда бир нерсени элестетип уруп когорткуло " эже-карындашынарды жолдоштору ошентип уруп жатканын"
+15
almanbetperm
2017-11-30 20:53:11
))))))))))
-2
tajigyli3
2017-12-01 03:06:32
Байкуш
0
admin_superstan
2017-12-01 09:48:19
Nibiru., tursunbaev78, Rasul94, жеке айтышууларга жол берилбейт.
0
AKCAHAT
2017-12-01 14:07:59
Зато Эми 30ж турмодо олтурат )))ушунун каягы Азамат каягы эркектик болду.Эми турмодо кокаин чегип гангрит болуп чирип олот ,аялы жыргап журо берет фейсбукта лайктарга чомулуп ))))
+2
amirrus
2017-12-01 15:17:23
саяк журсо таяк жейт деп коет,бирок брат аша чапкан го заманга карап ой жугуртуу керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан