1-июндан баштап дипломаттык жана кызматтык паспорттору бар Кыргызстандын жарандары Кытайдын Гонконг шаарына визасыз кире алышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Гонконг шаарында 14 күнгө чейин визасыз жүрүүгө мүмкүнчүлүк пайда болду.