Жалал-Абаддагы күч түзүмдөрүнүн жетекчилери чукул жыйынга чогулат
Жалал-Абаддагы күч түзүмдөрүнүн жетекчилери аймактагы кырдаалга байланыштуу чукул жыйын өткөрөт. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Гүлжан Эшбаева ОИИБиге шилтеме берүү аркылуу билдирди. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов башында турган бул чукул жыйынга атайын кызмат башкармалыгынын жетекчиси, ички иштер органдарынын башчылары, прокуратура жетекчилиги катышат. Учурда Ош-Бишкек жолу тосулуу бойдон.