Бүгүн, 30-ноябрда Орусиянын Тюмень облусунда Бишкек-Тюмень багыты боюнча каттаган автобус Ишим-Курган унаа жолунун 4-чакырымында фура менен кагышып кетти. Орусиянын Ички иштер министрлигинин аймактагы башкармалыгынын маалыматы боюнча жол кырсыгына кабылган автобустун ичинде бараткан 30 жүргүнчүнүн ичинен 12 адам жаракат алган. Жаракат алгандардын арасында 3 жаш бала бар. Ал эми аларга облустук ооруканадан медициналык жардам көрсөтүлүп, бирөө ооруканага жаткырылды. Ал Кыргыз жараны экени айтылууда.
Маалым болгондой, жол кырсыгы болгон учурда туман түшүп жаткан.