Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Сот “Заноза” сайтынын журналисти Нарын Айыпка чыккан чечимди күчүндө калтырды.
Башкы прокуратура "журналисттин жазган макаласында президенттин аброюна шек келтире турган сөздөр камтылган" деп Нарын Айыпты жана "Заноза" сайтын сотко берген. Октябрь райондук соту "Заноза" сайтын 3 миллион сомго, Нарын Айыпты дагы 3 миллион сомго доого жыккан. Бишкек шаардык соту аны өзгөртүүсүз калтырган.
Адвокат Эмил Жандаев: “Соттун чечимдери негизсиз. Прокуратура, сот тарабынан кемчиликтер болгон. Мыйзамсыз чечимдерди чыгарган. Ошонун негизинде биз кассациялык арыз менен чечимди жокко чыгаруу боюнча Жогорку Сотко кайрылганбыз. Бирок тилекке каршы Жогорку Сот чечимдерди күчүндө калтырды”, - деди Жандаев.