"Адэм" бий тобу "Asia’s Got Talent" деп аталган сынактагы интернет добуш берүүдө жеңүүчү аталды

"Адэм" бий тобу "Asia’s Got Talent" деп аталган сынактагы интернет добуш берүүдө жеңүүчү аталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда бийчи Атай Өмүрзаков өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына жазды.

"Бир аз мурда эле AXN каналынын түз эфиринде "Адэм" бий тобун интернет добуш берүүдө жеңүүчү болгонун жарыялашты. Бизди колдоп, добуш берген бардык күйөрмандарга ыраазычылык билдирем. 3 күндүк добуш берүү мен үчүн аябай толкунданууну жаратты. Анткени сиздердин колдооңуздарды сезип жаттым", - деп жазды Өмүрзаков.

Ошондой эле ал финалга даярдык башталганын жазган. Айтымында, финал 7-декабрда болуп, жыйынтыгы 14-декабрда чыгат.

Asia Got Talent - Борбордук Азиядагы ырчы, бийчи, иллюзионист жана башка өнөрлүү адамдар арасында жаш куракты ылгабай өткөрүлгөн сынак. Аталган шоу 2015-жылдын 12-мартынан баштап Азия өлкөлөрүндө көрсөтүлө баштаган. Анда атаандаштар 100 миң доллар өлчөмүндөгү байгеге ат салышат.

Атай Өмүрзаков жетектеген бул "Адэм" бийчилер тобу сынакта "алтын баскычка" ээ болуп, дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө барууга мүмкүнчүлүк алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aliko78
2017-11-30 22:06:52
Дагыда Ийгилик Азаматтар. Кыргыздын чыгаандары.
+4
sely
2017-11-30 23:00:12
Ай чондор дагы салык сурагыла эмиталанттардан
+1
bosmos77777
2017-11-30 23:03:56
Алга Кыргыз!!! Ийгиликтер болсун!!!
+1
Nazaroff1974
2017-12-01 02:11:13
Азаматтар,мына,оспурумдор Кыргызды таанытып жатышат.Азаматтар..

+1
loveless
2017-12-01 05:20:44
Азаматсынар!Алга Адем!Биз силер менен.
0
Bekzamann
2017-12-01 12:16:30
Бар болгула!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан