Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетти

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Канатбек Мүзүралиев өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырып берди. Бул тууралуу ал шаардык кеңештин бүгүн, 30-ноябрда өткөн жыйынында билдирди.

Ал өз чечимин көпчүлүк коалициянын таркашы менен түшүндүрдү.

"Мени колдогон депутаттарга, фракцияма рахмат айтам. Бул жерде эч кандай саясат жок. Менин арызымды кабыл алып койсоңуздар", - деди Мүзүралиев.

Анын арызын шаардык кеңештин депутаттары бир добуштан колдошту.

Буга чейин 28-ноябрь күнү КСДП фракциясы Бишкек шаардык кеңештеги коалициядан чыгып кеткен.

Айта кетсек, шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясына КСДП (13 мандат), "Кыргызстан" (5), "Республика-Ата Журт" (12) фракциялары кирген. Оппозицияда "Мекеним Кыргызстан" (7) менен "Өнүгүү-Прогресс" (8) болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан